partage - poignée de main

Интернет желесине дүйнөнү бейпайга салып жаткан пандемия маалында муктаждарга берилип жаткан жардамдан баш таркан кыргыз апанын видеосу жарыяланды.

Ооба, болгондо да пенсиясына күн кечирген апа. Ошол пенсиясы күнүмдүк тамак-ашына жетерин айтып, кийинки пенсияга чейин жеткидей уну бар экенин айтып, берилип жаткан унду дагы башка уну жоктор алсын дегени эмне деген айкөлдүк. Жүрөгүнө аалам баткан апа экен.

Ошол эле маалда таратылып жаткан гумжардамдарды алууга жазылган тизмеге колунда барлар катталып алышканын коменданттар айтып чыгышты.

Гумжардам керек деп кыйкырып чыккан жаштар пайда болду. Андан дагы чычала түтөтүп от жагып көрбөгөн «балконскийлер» гумжардам берилбей жатат деп нааразы болгонун укканда каңырык түтөдү го тим эле.

Элдин башына мүшкүл иш түшкөндө эки муундун жасаган эки башка мамилесин көрүп алыңыздар. Айла жок атаңгөрү дейт экенсиң. Дивандан көчүгү жылбаган кийинки жаштардын бекер оокатка ушунчалык көнүп алганы жанды кейитет.

Бүгүнкүдөй бардар турмушта ушинтебиз, кокус дүйнөдөгү абал мындан да кыйындап кетсе эмне болушат булар? Дагы деле улуттун уңгусун улуулар кармап тургандыгы даана билинди.

Адамзат башынан эмне деген гана азап-тозоктор өткөн жок. Ондогон миллион адамдардын өмүрүнө забын болгон кандуу согуштардан тарта медицина өнүгө электе чекесинен сулаткан жугуштуу оорулар, уйкудан ойгонууга үлгүртпөгөн жер титирөөлөр, өтүктүн кайышын чайнаткан жокчулуктар өткөнүн тарых барактарынан окуп, төбө чач тик турат.

Ошолордун айрымдарына күбө болуп, көргөндөрүн узун сабак кылып, бала-бакырасына айтып калтырып келаткан жогорудагыдай апаларыбыз бар ырысыбыз бар экен.

Алар «Элде болсун, элде болсо бизде болот» деп, баарына топук кылып, жогуна сабыр деп, шүгүрчүлүк менен жашай билет. Турмуштун оош-кыйышын, жокчулугу менен барчылыгын, ач-жылаңачы менен тондуусун көргөн улуу муунубуз бул ирет да улуулугун көрсөттү. Жандуулардан акыл-эси менен айырмаланган адамзаттын жашоосунда адамгерчилик, мээримдүүлүк, кайрымдуулук деген эң бийик сапаттар дүйнөнү солк эттирбей, огунан чыгарбай, кармап келатканы даана байкалды.

Эч нерсе боло электе, бардар турмушта чимкиригиңерди куюлтпай, өткөн-кеткендерди окуп, сурап-билип, эс акылыңарга келгиле, биз ишенген келечек ээлери!

Садырбек Койлубаев

Булак: Abal.kg