Кылмыш-кырсык

Бала өмүр бутагы, кайрымдуулук өмүр булагы — комендант Ж.Жоробеков

Өткөн сутка ичиндеги коомдук-саясий жана криминогендик абал боюнча маалымат 2020-жылдын 11-апрелден 12-апрелге караган бир сутка ичинде областын аймагында баары болуп – 19 кылмыш окуялар катталган, алардын ичинен Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак районунун аймагында – 5 кылмыш катталган.  Бул туурасында Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 8, Сузак районунун аймагынан – 16 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде айып салынган.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 85 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн.

Ошондой эле аталган аймактардан – 82 автоунаа кармалып айып аянтчасына коюлган.

КАЙРЫЛУУ!!! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундары, учурда эл арасында тамак-аш, күнүмдүк азык-түлүктөрү түгөнүп, социалдык жактан кайрылуулар көбөйүп жатат. Бул жаралган маселени жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мэрия жана акимдер менен биргеликте кеңешип чечүүгө багыт алып иштеп жатабыз. Анын жыйынтыгын өзүңүздөр көрүп байкап жатасыздар. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда буйруса тартип көзөмөлдө, учур талабы – “социалдык маселени чечүүдө бир топ алгылыктуу иштерди алып баруудабыз”.

Ал эми сиздерден тартипти сактоого, сабырдуулук менен абалды туура түшүнүп жана жеке гигиена сактоого чакырамын. Бала өмүр бутагы, кайрымдуулук өмүр булагы – учурдагы абалда колунда бар берешен инсандарды муктаж болгондорго кол сунуп, бири бирибизге жардам берүүгө чакырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button