Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-апрелде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиевди кабыл алды.

Коронавирус инфекциясынын ата мекендик экономикага тийгизген терс таасирин азайтууга багытталган өлкө Өкмөтүнүн Кризиске каршы чаралар планынын ишке ашырылышынын жүрүшү талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков:

— мамлекеттик органдар тарабынан биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо;

— өлкөдөгү ишкерликтин активдүүлүгүн колдоо;

— каржылык жана гуманитардык жардамдарды координациялоо иштерин, анын ичинде жергиликтүү бийлик менен өз ара аракеттешүүнү күчөтүү;

—  социалдык аялуу жана убактылуу жумушсуз калган жарандарга көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Ушу жылдын аягына чейин кризиске каршы чараларды жана анын кесепеттерин аныктоо менен өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн ар кандай сценарийлерин иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев:

— мамллекеттик бюджеттин приоритеттүү болбогон чыгашаларын каржылоо убактылуу токтотулгандыгын;

— азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында аймактардагы элге ун жана биринчи кезекте зарыл болгон товарларды  жеткирүү улантылып жатканын;

— өлкөдөгү чакан жана орто бизнести колдоо боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Жолугушууда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында көйгөйлөргө ыкчам чечимдерди иштеп чыгуу үчүн ишкерлер менен кызматташууну күчөтүү сунушталды. Мамлекет башчысы түзүлгөн кырдаалда Өкмөт ишкерлерди колдоо боюнча кошумча чараларды кабыл алышы зарылдыгын кошумчалады.