Медик чет өлкөлүк эпидемиологдордун айткандарына таянды.

Медицина тармагындагы адис Павел Евдокименко кайсы мамлекеттерге коронавирустун залакасын баарынан  катуу тийгенин, а кандай өлкөлөрдө бул бул инфекция аз таралганын, апрель айынын башында өзүнүн YouTube каналында айткан.

Медик биринчи кезекте поссоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдө италиялык сценарийдин кайталанышына ишенбейт. Анын себебин төмөнкүчө түшүндүрөт. Көрсө, туберкулезго каршы жалпы эмдөөдөн (вакцинация) өткөн өлкөлөр жаңы типтеги вирустан  аз жабыр тартышууда.    

«Туберкулезго каршы күрөшүү үчүн БЦЖ вакцинасын пайдаланган өлкөлөрдө COVID-19ду жуктургандар жана андан көз жумгандар алда канча аз экенине адистер көңүл буруп жатышат. Азыркы учурда, белгисиз бир себептер менен, мындай эмдөө дайыма өткөрүлүп жүргөн өлкөлөр коронавирустан аз жапа чегишүүдө. А БЦЖ эмдөөсү болбогон мамлекеттер (АКШ, Нидерланддар, Италия) вирустан катуу жабыр тартып жатышат», – деп оюн бышыктады врач Евдокименко.

Принцибинде, БЦЖ эмдөөсү өткөрүлбөгөн өлкөлөрдө, жуктуруп алуу коркунучу да өтө жогору.

«Иликтөөнүн авторлору мындай өлкөлөрдө вирусту жуктуруп алуу жагы дүйнө жүзү боюнча орто эсеп менен алганда 4 эсеге көп, кайтыш болуу жагы дагы ушундай эле абалда. Өз учурунда постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттерде мындай эмдөөлөр дайыма жүргүзүлүп келген», – деп тыянактады медик.

Булак: Abal.kg

https://www.youtube.com/watch?time_continue=86&v=wPo-9T7KB4Y&feature=emb_title