Тобокелдик аймагында иштеген ар бир дарыгер коргонуучу кийимдер менен толук көлөмдө камсыздалат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов айтты.

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, жарандарды тестирлөө жана коронавирус инфекциясын аныктоо боюнча жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалыматы угулду.

Өткөн суткадан бери медициналык кызматкерлерде COVID-19 жуккан 12 жаңы учуру аныкталды, жалпысынан — 63 медицина кызматкерине жуккан. Саламаттык сактоо министрлигине медиктердин бул инфекцияга кабылуусуна жол бербөө үчүн бардык зарыл талаптарды аткарууну күчөтүү тапшырылды.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ыкчам штабдын тапшырмаларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет беришти.

Кубатбек Боронов өзгөчө белгилегендей, штабдын бардык тапшырмалары жер-жерлерде сапаттуу жана өз убагында аткарылышы керек.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык-санитардык жардам көрсөтүп жаткан медицина кызматкерлеринин айлык акысын каржылоо маселеси коомдо көтөрүлүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 16 млрд сомду түзөт. Бүгүнкү күнү бюджет 2,9 млрд сомго аткарылган.

«Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында медицина кызматкерлеринин ЭКК (эмгекке катышуу коэффиценти) боюнча кепилденген эмгек акысы келип түшкөн тапшырыктардын негизинде толук көлөмдө каржыланды. Бул максаттарда 1707,2 млн сом жана Социалдык фондго камсыздандыруу чегерүүлөрүнө 311,4 млн сом жумшалган. Мындан тышкары 1-кварталда үй-бүлөлүк дарыгерлерге индикаторлорду аткаруунун жыйынтыгы боюнча 78,5 млн сом, үй-бүлөлүк медайымдарга 22,7 млн сом төлөндү.

Дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алууга 295,7 млн сом бөлүнгөн жана үстүбүздөгү жылдын апрелинде  126 млн сом каралган», — деди вице-премьер-министр.

Аида Исмаилова COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу республикада өзгөчө кырдаал режиминин киргизилишинен улам башка мекеме, уюмдар сыяктуу эле саламаттык сактоо уюмдары кызматкерлеринин жарымын аралыктан иштөөгө же эмгек өргүүсүнө кетирген.

Аралыктан иштеген кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кепилденген эмгек акысын алышууда. Эмгек өргүүгө жөнөтүлгөн кызматчылар өргүү акыларын мыйзам чегинде толук көлөмдө алышты. Эмгек өргүүдө же аралыктан иштеген кызматкерлер үчүн ЭКК өлчөмү азайтылышы мүмкүн, демек, төлөмдүн көлөмү да азаят. Бул Саламаттык сактоо министрлигинин ченемдик документтерине негизделген, себеби ЭКК боюнча кошумча айлык акы медицина кызматкеринин ишинин жыйынтыгы боюнча төлөнөт.

Вице-премьер-министр белгилегендей, кошумча айлык акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы №246 токтомунун негизинде эсептелет. Кепилденген эмгек акыны төлөгөндөн кийин кошумча айлык акы фонду түзүлөт, ал кызматкерлер ортосунда ЭКК түрүндө бөлүштүрүлөт. Кепилденген эмгек акы боюнча чыгымдардын көбөйүшүнөн, мисалы, коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу нөөмөттө туруу акысынын көбөйүшүнөн улам кошумча айлык акы азаюусу мүмкүн.

Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди.