Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бишкек шаардык сотунун судьясы Албанова Жумагүл Кубегеновнанын судьялык ыйгарым укуктары токтотулду.

Ал жаш курагынын чегине жеткиндигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялык кызмат ордунан бошотулду.