Жарандык, дарыгерлик саамалыкты баштап, кыйналган элге кол сунган Жаркынай Ганиева жетектеген “Диагностик” медициналык борборунун аракеттерине ЫРААЗЫЧЫЛЫК!
МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМГА МУКТАЖ болуп, үйүндө кыйналып жаткан жарандар үчүн Исфана шаарындагы “Диагностик” медициналык борборунун эмгек жамааты Лейлек районунун айыл өкмөттөрүнө, Исфана шаар башкармалыгына, Сүлүктү шаарынын элине “Элим ооруба ” аттуу иш чара уюштурду.
Биздин максат өлкөдө болуп жаткан чектөөлөрдөн улам медициналык жардамга муктаж болуп, бирок эч жакка чыга албай кыйналып жаткан жарандарыбыз үчүн жашаган жерине барып, АКЫСЫЗ кеңеш берүү (кардиолог, терапевт, гинеколог), биринчи медициналык жардам көрсөтүү, ЭКГ, чукул убакытта аныктоону талап кылган анализдерди аныктоо ж.б. медициналык жардамдарды көрсөтөт.
Тел: 0777 065 065
Тогуз-Булак айыл өкмөтү 13.04.2020
Лейлек айыл өкмөтү 14.04.2020
Катыран айыл өкмөтү 15.04.2020
Сумбула айыл өкмөтү 16.04.2020
Аксуу айыл өкмөтү 17.04.2020
Исфана шаар башкармалыгы 18.04.2020
Сүлүктү шаары 19.04.2020
Мындай жагымдуу маалыматты Жаркынай Ганиева фейсбук социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырган.