Кыргыз гидрометтен билдиргендей, 13-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;

Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° болот.