Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 12-апрелде онлайн брифинг учурунда айтты. Анын маалыматына караганда, коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн биринчи болуп жабыр тарткан жана көп чыгымга учураган бизнестин түрлөрү анализденип жатат.

Ушундан улам биринчи кезекте жардамга муктаж жана экономикага көбүрөөк пайда алып келчү ишкерликтин түрлөрү талданууда. Анын жыйынтыгында финансылык жардам берүүнүн жолдору каралат.

«Каржылык колдоо үчүн ички жана тышкы булактарды издеп жатабыз. Бүгүнкү күндө 14 млрд. сомдун тегерегинде акча табылды», – деди Асрандиев.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.

Буга байланыштуу бир катар ишкерлер жумушун токтотконго аргасыз болду. Расмий маалымат боюнча, коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстандын экономикасы ушул тапка чейин 5 миллиард сом зыян тартты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”