Коом

Жакын арада учак учпайт. Новосибирскидеги мигранттардын абалы

11-апрелге белгиленген “Сибирь” (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек-Новосибирск багытындагы чартердик каттам болбой калды.

Мекенине учууга камданган 132 кыргызстандык мигрант хостелде кала турган болушту.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлагандай, Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облусундагы диаспоранын активдүү мүчөлөрү менен биргеликте  Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Кыргызстандагы миссиясынын каржылоосунун негизинде Новосибирск шаарындагы мейманканаларында  Кыргызстанга кетүүсүн күтүп жаткан 132 мекендештерибиз менен жолугушуу өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушууда Башкы консул К.Маматалиев жарандарга Кыргызстандагы коронавируска байланышкан кырдаалга ылайык жакын арада мекенге авиакаттамдар болбой тургандыгын эскертти.

Бүгүнкү күндө 136 кишинин жатаканасын каржылоо (ЭМУ) нун Кыргызстандагы миссиясынын каржылоосу менен  чечилип, тамак аш маселеси Кыргыз диаспорасынын жардамы менен уюштуруу келишимине жетишилди. Хостелде жайгашкан жарандардын арасынан муктаж болгон 4 жаран Кыргызстандык мекендешибиз ээлик кылган  “Андар” жеке медициналык борбордон медициналык  кароодон өткөрүлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button