Жаңы коронавирустук инфекция менен жабыркаган кытайлык жарандардан неврологиялык симптомдор байкалган.

Кытайлык окумуштуулардын мындай пикири JAMA Neuology басылмасында жарык көргөн.

Адистер коронавирустун эпицентри болгон Ухань шаарынын COVID-19 менен жабыркашкан 214 тургунуна таандык маалыматтарды иликтеп чыгышканда жалпы бейтаптардын 36%  жана оор абалды башынан кечиришкендердин 46% жөөлүп, иш-аракеттеринин координациясы бузулган. Мындан сырткары, мээдеги кан айлануунун бузулгандыгы, акыл-эстин тумандашы жана булчуң эттердин борпоң тартышы байкалган.

Ошондой эле, бейтаптар коронавирустун буга чейин белгилүү болгон жөтөлүү, баш оору, жана дене табынын жогорулашы өңдүү симптомдору менен дагы жабыркашкан.

Өткөн жумада россиялык окумуштуулар коронавирустун кесепетинен улам келип чыккан патоген гематоэнцефалдык барьер аркылуу өтүп, түз эле баш мээ ткандарын кыйрата тургандыгы тууралуу эскертишкен.