11–апрель күнү каза болгон үч кыргызстандыктын сөөгү  Казакстандын аймагы аркылуу автомобилдик транспорт менен Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө мигранттардын кандай жагдайда кайтыш болгону так айтылган эмес.

Башкы консулдук Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен күнү-түнү иштеп жатканын, ал жактагы мекендештер суроолор боюнча +79607812324 телефон номери аркылуу жана konsulsib.kg@mail.ru электрондук дареги аркылуу алууга болорун билдирет.

Кыргызстан жарандарын орус бийлиги киргизген медициналык жана санитардык эрежелерди бекем сактоого жана эпидемологиялык кырдаал турукташканга чейин Кыргызстанга барбай турууга чакырат.