Бишкекте терминалды уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде коменданттын басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде, Т.Б. аттуу жаран Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө, Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан, 1500 АКШ долларына бааланган терминалды уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранып кайрылган. 

Маалыматка караганда, терминалда 61 миң 600 сом болгон.

Бул факты Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын Укук бузуулардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшү менен Свердлов РИИБдин криминалдык милициясы тарабынан шектүү катары 1997-жылы туулган М.К., 1990-жылы туулган К.Ш. жана 1991-жылы туулган Ж.К. кармалган.

Аларды тергөө кызматына алып барышып, Жазык кодексинин 98-беренесине ылайык, шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кармалгандардын Бишкек шаарында жасалган кылмыштардын башка фактыларына тиешеси бар же жок экендигин аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.