Бүгүн, 13-апрелге карата коронавирус оорусун жуктурган 19 медицина кызматкери катталды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев брифингде билдирди.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктурган, алардын ичинен 9 медкызматкер Бишкек шаарында, 4 – Ош облусунда, 2 – Ош шаарында, 1 – Баткен облусунда.
COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур.