Карантинден кийинки жашоого «саякат»

530

Коомчулук арасында Жогорку Кеӊештин депутаттарынын санын кыскартуу боюнча демилге көтөрлүп, социалдык түйүндөрдө петиция келип жатат.

Кече мен урматтаган, тереӊ сыйлаган адамдан ушул демилге келди.

 Мен, «Ушул маселе маанилүүбү?» десем, сандан сапатка өтсөк деген учкай пикирин билдирди. Бирок, менин оюм андай эмес…

Сапатка өтүүнүн башка механизмдерин көрүп турам. Жогорку Кеӊеш эффективсиз органга айланган мезгилде коомчулук тарабынан сынга кабылат. Дал ошол себептерден азыр сын пикир күчөп, алардын чыгашаларынан бери эсептеп жатышат.

Жеке пикиримде Жогорку Кеӊештин сапаттуу иштөөсү анын санында эмес. Тарых көргөзгөндөй парламенттик-президенттик башкаруу системасындагы жалпы партиялык шайлоо кайсы бир денгээлде оӊ жана терс таасирлерин берип жатат. Оӊ жагы партиялар жанданып, программаларын ишке ашырууга аракеттер аз да болсо башталып, кайсы бир денгээлде жалпы шайлоочулардын тандоо укугун кеӊейтти.

Терс жагы билип билбеген, айрым учурда такыр эле добуш албаган депутаттарга ээ болуп калып жатабыз. Ошондуктан биз Жогорку Кеӊештин сапатын көтөрөлү десек ириде шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү толуктоолорду киргизишибиз зарыл.

 Бул жагынан алып караганда белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Кубатбек Байболов (Kubatbek Baibolov) агабыз көтөрүп жаткан «Партиялык тизме менен катар эле республикалык болжолдуу тогуз же он үч шайлоо округдарын түзүп, партия менен кошо анын ичиндеги талапкерлерге да добуш берген системага келели. Кимиси көп добуш алса, ошого мандат буюрсун.

Ошондо гана эл шайлоо жана тандоо укугуна ээ болуп, каалаган талапкерин тандап алат. Аймактардан саясий лидерлер чыгат. Парламентаризм ушул өӊүттө өнүгөт» деген маанидеги сунуштары колдоого алаарлык. Болбосо биз азыр сын пикир айтып жаткан парламенттик түзүмдө партияларга гана добуш берип, анын ичиндеги талапкерлерди эл эмес партия лидери тандап жаткан системада депутат ириде партия лидерине көз каранды болуп калаарын көзүбүз көрдү. Бул пикирди президент да бир нече жолу айтып, жакында эле күчтүү парламентаризмди колдоорун билдирди.

Эгерде биз азыркы шайлоо системасы менен кете берсек анда ун, чай тараткандар кайра эле депутат болот. Шайлоочулар болсо алардан көпүрө, жол салып берүүнү талап кылып отура берет. Биз тескерисинче депутаттар өкмөт жана жергиликтүү бийлик шайлоочуларга ун, шекерди арзан алгыдай, жол, көпүрөнү аткаруу бийлиги салгыдай мыйзамдарды кабыл алып, кабыл алынган мыйзамдарды көзөмөлдөгүдөй шарт түзүшүбүз керек. Андыктан биз ачык эле коомчулукка «депутат ун таратпайт, жол салбайт, анын милдети мыйзам жазуу жана келген мыйзамдарды кабыл алып берүү» деп элге ачык айтышыбыз зарыл.

Ошол эле учурда Кылмыш жана жаза кодексине шайлоочуларды сатып алуу да добушун саткан шайлоочуга да кылмыш жоопкерчилиги каралса, шайлоолордогу добуш сатып алуу кан буугандай токтойт. «Көпүрө салам, жол курам, техника алып берем» деген партиялар автоматтык түрдө шайлоодон четтетилсе, жалпы шайлоочулар кыска кызыкчылыкка эмес, анын программасына жана талапкерге добуш берүү системасы ишке кирет. Азыр бардык эле саясий партия лидерлери, же саясатчылар болобу добуш сатып алууга кызыктар эмес.

Анткени эч кимиси акчаны абага сапыргысы келбейт. Дал ошол себептен добушту сатуу да сатып алуу да кылмыш жоопкерчилигин талап кылса бизде партиялык система алга гана жылат. Анткени, шайлоолорго жалаӊ эле капчыктуу адамдар эмес, карапайым добуш ала алчу талапкерлер чыга баштайт. Интелигенция өкүлдөрү шайлоо процессине аралашат. Эӊ негизгиси добуш алган талапкерлер партия лидерине же бийликке эмес, элге көз каранды болуп, шайлоочулары менен жакындан иштейт. Парламенттин эффективдуулугу артат. Парламенттин эффективдүүлүгү арткан жерде бийлик теӊ салмактуулугу пайда болот. Парламент олигархиялык шеринелештерден куралган топ болуудан калат.

Ал эми парламенттке корогон чыгым боюнча. Эгерде парламенттик өлкө курабыз, бийлик теӊ салмагындагы балансты кармайбыз десек парламентти кармоого кеткен чыгымды эмес, анын ишмердүүлүгүнүн натыйжасын эсептешибиз керек. Парламент кудуретсиз абалга келгенде гана коомчулук тарабынан аны кармоого кеткен каражаттар эсептелине баштаганы табыгый көрүнүш. Кудай аманчылык берсе, эл, жерибиз эсен соо болсо эртен эле карантин бүтөт. Дал ошол карантин бүткөндө дал ушул маселе көтөрүлүп, жапырт шайлоо өнөктүгүнө кирип кетебиз…

Төлөгөн Сулайманов, журналист