Бүгүн, 13-апрелде өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев  дарыгерлерди кечирим суратпоого чакырды.

“Дарыгерлерге кысым көрсөтпөгүлө деп айтып жатабыз. Алардын жумуштагы кайсы бир кемчилик тууралуу айтса, аны кечирим суратуу туура эмес”-деди Усенбаев.

Буга чейин бет каптын сапатсыз экенин айтып чыккан медицина кызматкери кодуланып, кечирим суроого аргасыз болгон.

Бүгүнкү күнгө карата дагы 19 дарыгерден коронавирус аныкталды. Жалпы саны 79га жетти.