Билим берүү жана илим министрлиги аралыктан окутуу учурунда жаралган көйгөйлөр боюнча мониторинг жүргүзүп жатат.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, мониторинг көрсөткөндөй биринчи кезекте алыскы аймактарда жашаган айрым жарандардын үйүндө телевизор жок болгон жана мобилдик телефон жетишпеген учурлар белгилүү болгон.

“Бул маселени дароо чечип берүүгө аракет кылып жатабыз. Мектептердеги телевизорлорду алдырып, жетишпеген үй-бүлөлөрдүн балдарына сабак окуу үчүн убактылуу берилген. Телефон маселеси бюонча райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү иштеп жатат” –деп билдирди министр Каныбек Исаков.

Министр белгилегендей, дагы бир көйгөй — интернет байланышынын айрым жерлерге толук жетпей жаткандыгы.

Кыргызстанда коронавирус оорусуна байланыштуу орто мектептерде IV чейректи аралыктан окутуу 8-апрелден тарта башталган.

Бүгүнкү күндө министрлик тарабынан 1400дөн ашуун сабак тартылып, 200дөн ашык мугалим катышкан.