Антиретровирустук нельфинавир дарысы коронавируса SARS-CoV-2нин көбөйүшүн бууганга (блоктогонго) жөндөмдүү. Япониянын Исехардагы  Токай Университетинин окумуштулары ушундай тыянакка келишти. Алардын изилдөөлөрүнүн тыянагы   bioRxiv электрондук илимий китепканасына жарыяланды. Бул туурасында 13-апрелде Новости Mail.ruбилдирди.

Окумуштуулар тогуз антиретровирустук дарынын SARS-CoV-2 вирусунун бөлүктөрүнө тийгизген таасирин текшеришкен. Медиктер ВИЧке (спид) каршы бул дары-нельфинавир, жада калса аз дозаны пайдаланганда да, вирустун көбөйүшүн   эффективдүү токтото алат.

Эксперттердин тыянагында, нельфинавирди коронавируска каршы эффективдүү дарылардын тизмесине киргизүү керек деп айтылган.  

Булак: Abal.kg