Тилекке каршы, адамзаты үстүбүздөгү жылдын жай айында коронавирус пандемиясын толук жеңе албайт жана ноябрь айларында оорунун жаңы толкуну башталышы мүмкүн. Бирок ал мынчалык олуттуу мүнөздө болбойт-деп жазат «Хуаньцюван» порталы  COVID-19ду дарылоо боюнча шанхайлык эксперттик топтун башчысы,  «Хуашань» ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Чжан Вэньхундун айткандарына шилтеме берүү менен.

Чжан Вэньхунөз сөзүндө: «-Оору Түштүк Америка, Африка, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн толук каптай баштады, ошол себептүү математикалык моделге ылайык ушул жылдын жай айында аталган вирустан толук кутула албайбыз, башкача айтканда, кыш келээри менен кайрадан барыбыз өз үйлөрүбүздө отуруп калуубуз мүмкүн. Дүйнө өлкөлөрүнүн учурдагы пандемия шарттарында алган тажрыйбасынан улам кийинки вирус толкуну мынчалык олуттуу мүнөзгө ээ боло албайт»-деп белгилеген.

Ошондой эле ал дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга контролдук кылуу Кытай, АКШ же Европа мамлекеттеринин колундагы иш эместигин жанааны жеңүү ар кайсы өлкөнүн эпидемияны  ооздуктай билүүсүнө байланыштуу болорун кошумчалаган.