“Ата-Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев мекенине кайтууга үлгүрбөй калган мигранттарга жардам берүүнү суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.

Ташиев буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кйрылганын, бирок майнап чыкпагандыктан, президентке кайрылууга аргасыз болгонун билдирди.

“Биздин атуулдарыбыз негизинен үч чоң шаарларда: Москавада, Новосибирскте, Стамбулда жана Россия менен Казакстандын ортосундагы автомобиль трассасында 1000ге жакын адам күтүп жатат. Бул атуулдарыбыз өлкөсүнө акча жөнөтүшүп эмгектенгенге гана же болбосо шайлоо болгондо гана керек болбостон, мамлекеттин жараны катары сиздин, биздин, баарыбыздын бир тууганыбыз катары каралышы керек! Урматтуу президент, бир тууган жарандарыбыз талаада калып кетти, жардам кылыңыз. Сизден үмүт кылышат жана күтүшөт”, – деп билдирүү калтырган Ташиев.

Ушул тапта дүйнөнүн 42 өлкөсүндө Кыргызстандын жарандары бар. Мигранттар эң көп делген Орусиядагы мекенине кайтууга камынган мигранттар каттамдын токтогондугуна байланыштуу кырдаал турукташканга чейин хостелге жайгаштырылган.