Кылмыш-кырсык

Кара-Сууда токко урунуп каза болгон жаш жигиттин жаназасына мал союлган жок

Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Чагыр айылында жаш жигит токко урунуп каза болду. Маалыматты Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Жамшит Матановго таянып Turmush сайты жазып чыкты.  

Маркум 22 жаштагы А.Н. экени аныкталды. Окуя боюнча эки божомол айтылууда. Биринчиси – 22 жаштагы жигит балык уулоо үчүн айылдагы каналга барып, кайырмагы жогорку чыңалуудагы электр чубалгысына илинип калган. Экинчиси – А.Н. кой кайтарып жүргөндө колундагы суу таягы электр чубалгысына тийип, ток урган.

Айыл өкмөттүн башчысы Жамшит Матанов маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 11-апрелде өткөнүн билдирди. Бирок көп эл чакырылган эмес жана мал союлган жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button