Жарандарды коронавируска текшерүү үчүн жеке менчик ири лабораториялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда маалымдады.

Брифинг учурунда Үсөнбаевге “республикада канча лаборатория бар жана коронавируска өз алдынча текшерүүдөн өтүүгө болобу?” деген суроо берилген.

“Республикада коронавирусту аныктаган тогуз вирусологиялык лаборатория бар. Анын ичинен үчөө экспресс-диагностика жүргүзөт. Коронавируска анализ алуу үчүн министрлик жеке менчик ири лабораториялар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Жарандардын өз алдынча коронавируска тесттен өтүүсүнө бардык аракетти көрүп жатабыз”, — деп жооп берген Үсөнбаев.

Булак: Abal.kg