Кылмыш-кырсык

Жалал-Абадда коменданттык сааттын эрежесин бузган 833 автоунаа атайын жайга токтотулган

Учурда “Өзгөчө абал” киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында 12 (он эки) санитардык-карантиндик блок-посттордо 1-2-нөөмөттө жалпысынан 16 кызматкер кызмат өтөп жатышат.

Өзгөчө абал киргенден бери Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында көчөлөрдө өткөрмө кагаздары же маршурттук баракчалары жок, максатсыз, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн автоунаа башкарып жүргөн жеринен жалпы 833 автоунаа атайын токтотулуучу жайга киргизилип, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми кечки саат 20.00дөн 07.00гө чейин мобилдик топтор “Коменданттык саат” тартибинин талаптарын бузган айдоочуларга, жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүү максатында кызмат өтөшүүдө. Жол көзөмөмөлдөчүлөр тарабынан “Коменданттык саат” тартибинин талаптарын бузгандыгы үчүн — 119 автоунаа атайын токтотулуучу жайга киргизилди. Жалпысынан ар кандай жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 143 айдоочуга карата бузуулар тууралуу протоколдор түзүлүп Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин негизинде чаралар көрүлүүдө.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button