Учурда өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу окуучулар аралыктан окуу ыкмасына өтүштү.

Онлайн билим алуу 20 мүнөткө созулуп, ар бир сабактын арасында тыныгуу каралган.

Мындай мезгилде ата-энелер кандай чара көрүүсү керектиги тууралуу педагог Дамира Жумабаева айтып берди.

«Онлайн окутуу баарыбыз үчүн эле жаңылык болуп жатат. Ошентсе да мугалимдер дилгирлик менен чымырканып, өз иштерин жасоодо.

Ата-энелер да түшүнүү менен кабыл алып, бир үйдөн бир нече бала окуганына карабай шарт түзүп бергенге аракеттенип жатканына күбө болуудабыз жана бул үчүн аларга педагогдор ыраазычылык билдиребиз.

Балдарын компьютер, жок эле дегенде жакшы смартфондор менен камсыздап, керектелүүчү бардык буюмдарды таап бергенге аракет кылып жатышат. Бирок муну менен катар эле майда нерселерге маани бербей калган учурлар болушу мүмкүн. Мисалы, мүмкүнчүлүк болсо баланын сабак окуганына өзүнчө бир бөлмөнү даярдаган жакшы. Ал жерде окуучунун дене боюна ыңгайлашкан столу болуп, ага терезеден күндүн нуру тийип турушу керек. Колдончу китеп, компьютер, дептер, калем саптары столдун үстүнө алдын ала даярдалып коюлушу шарт. Окуучу онлайн билим алып жатканда тынчтыкты камсыздоо да өтө маанилүү», — деген пикирин Билим берүү академиясынын инновация жана илим бөлүмүнүн башчысы Дамира Жумабаева билдирди.

Булак: Спутник радиосу