Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда “Өзгөчө абал” режими киргизилгенине байланыштуу, ошондой эле өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режими алкагында Өзгөн райондук ИИБи коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюуга багытталган комплекстүү чараларды жүргүзүүдө.

Өзгөн РИИБнин өздүк курамы толугу менен күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө, ошондой эле медициналык кызматчылар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана башка мамлекеттик мекеме-ишканалар менен биргеликте жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык жуктуруп алуу коркунучун алдын алуу максатында зарыл болгон чаралар көрүлүүдө. Кара-Суу району менен чектешкен Кызыл-Октябрь айыл-аймагында жана Жалал-Абад обулусунун Сузак району менен чектешкен Төрт-Көл айыл-өкмөтүнүн аймагында санитардык-карантиндик посттор орнотулду. Аталган постто күнү-түнү милиция кызматкерлери, райондук ӨКМ, медициналык кызматчылар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызмат өтөшүүдө.

Бардык кызматкерлер жеке коргонуучу каражаттар, медициналык бет каптар, атайын кийимдер жана атайын көз айнектер менен камсыздалган. Мындан сырткары, Куршаб, Мырза-Аки жана Жазы айыл-аймактарында жергиликтүү тургундарынын демилгеси менен кошумча 80 пост орнотулду.

Булардын, 30дан ашуун постторунда конфликттик абалдарды жоюу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү аймактык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери бекитилди. Ошондой эле, райондогу обсервация милиция тарабынан күнү-түнү кайтарууга алынды. COVID-19 жугуштуу илдети жайылуу коркунучуна байланыштуу айылдардын көчөлөрүн жана имараттардын ичин дезинфекциялоо жүргүзүлүүдө. Райондук ИИБнин бардык кызматкерлери укук тартипти камсыздоого жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тартылды, кызматкерлердин бардыгы керектүү болгон коргонуу каражаттары, бет кап, кол кап жана антисептиктер менен камсыздалган. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, жарандарга зарыл учурда гана көчөлөргө чыгышы, топтошуп чогулбоосу, бири-бирине болгон аралыкты сактоосу, бет капсыз көчөгө чыкпоосу сунушталууда. “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилгенден тартып, Өзгөн шаарынын көчөлөрүндө РИИБнин, кайгуул-күзөт кызматынын жана Ички коопсуздук аскер кызматынын (ИКАК) кызматкерлеринен турган мобилдик топтор түзүлүп жөө жана унаа менен патруль жүргүзүү уюштурулду.

ИИМдин Басма сөз кызматы