Бишкек шаардык мэринин аппарат башчысы Балбак Түлөбаев борбордогу аз камсыз үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүлүп жаткан сүрөттөрдү элге фейсбук баракчасы аркылуу маалымат берип турат. Ал бүгүн калаанын элине кайрылуу жасады:

“Урматтуу достор!
Калайык акыркы күндө баарыбыз элдин көйгөйүн чечели деп чуркап жүрөбүз. Түнкү 02 чейин жазгандарыңарга жооп берип атабыз.
Акыркы күндөрү өтө кызык окуяларга туш келип атабыз.
Жардам сурагандардын көбү колунда бар адамдар болуп атат. Үйүнө барсак келдиңерби чын эле келет бекен деп жөн эле жазганбыз деп атышат. Дагы башка толгон-токой шылтоолор. Эч нерсе эмес чыдайбыз, бирок сиздер башка жардамга муктаж элдин акысын жеп атасыздар. Алардын зар муңуна кантип жооп бересиздер. Жок дегенде ушул кыйын убакта тамашаны, сыноону кое туралы. Эми ушундайларды видеого жана сүрөткө тартып элге чыгарабыз”, – деп жазды.

Булак: Abal.kg