2023-аскер бөлүгүнүн аялдар кеңеши учурдагы кырдаалга байланыштуу өздүк курамга коронавирус илдетин жуктуруп албоо жана өмүрүнө, ден-соолугуна зыян келтирбөө максатында аскер бөлүктүн өздүк курамына медициналык бет кап тигип таркатышты.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиргендей, буга чейин аскер бөлүктүн тигүү цехинен аскер бөлүктүн өздүк курамына бет кап тигилип жатса, бүгүнкү күндө 1000 даана беткапты аскер бөлүктүн, чек ара заставалардын аскер кызматкерлерине жана окуу борборунун жаш жоокерлерине, ошондой эле аскер кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө таркатылды.

Мекеме ушундай кырдаалда жакындан жардам көрсөтүп жаткан аскер бөлүктүн аялдар кеңешинин курамына жана тигүүчү аскер айымдары Гулназ Туйгуновага, Махбурат Камчыбековага ыраазычылык билдирет.