Ушул тапта дүйнө элинин дээрлик көпчүлүгү тооруп турган коронавирустан коргонуу үчүн үйдө олтурушат.

Kadam-media.kg маалымат порталы карантин адамзат жашоосун канчалык өзгөрткөнүн, келечекте кандай өзгөртө аларын, дегеле пандемиядан алган сабак тууралуу ар кайсы кесиптеги атуулдардын пикирин топтоду.

Инаятилла Азимов, арабист-филолог:

— Биринчиден, тазалыкка көңүл бура баштадык. Жөнөкөй эле колдуу жуунун канчалык чоң мааниге ээ экенин билдик. Экинчиден, ден соолуктун кадырын билдик. Жумушка жана материалдык кызыкчылыкка берилип кеткен элек, ден соолук керек экендигин, ден соолук биринчи байлык экенин билдик. Үчүнчүдөн,  адам баласынын күчү баардык нерсеге жете бербешин үйрөттү. Адам баласы үйдө камалып карантинде отурганда өз үчүн сезе билгендир. Адам баласы дүйнөнү өзгөрттү, аябай көп ачылыштарды жасады, илим жана технологияны өнүктүрдү, бирок бул оорунун жайылыш менен өзүнүн күчү канчалык чектелүү экенин көрдү. Төртүнчүдөн, алдын алууну жана жугуштуу оорулардан сактанууну үйрөттү, Бир нерсенин алдын алуу ден-соолук кадырына жетүү, аны сактоо да өзүбүздөн экендигин аңдадык. “Бешинчиден, материалдык байлыктын убактылуу экендигин үйрөттү, анткени бул оорунун келиши менен бай кедей дебей, бардык адамдарга таасир этти. Албетте карантин бизге жогорудагы айтылгандардан башка да көп нерсени үйрөттү. Мисалы бош убакыттын баркын билдик, ата-эненин кадыры, туугандардын колдоосу, коомдун өз ара жардамдашуусу жана эң негизгиси табияттын кадырын билдик. Кааларым, бул оору тезирээк эле эли жерибизден жана дүйнөдөн кетсин. Ар бир адамга ден соолук, бактылуу жашоо каалайм.

Айнаш Козубаева, Москвадагы “Аян” театрынын негиздөөчүсү:

-Карантин жалпы адамзаттын жашоосундагы чоң сыноо болду. Көрсө убакытты керексиз нерселер менен өткөргөн экенмин деп калдым.Батирде болуп калганыбыз гана өкүнүчтүү, өз үйүбүздө болгондо бакча иши, гүл отургузуу, тазалоо менен өтмөк деп арман кылдым. Бир топ китептерди окуганга жетиштим. Султан Раев агайыбыздын «Жанжазасын» окуп, биз театр менен ойногон «Хан оюну» пьесасына сюжети окшобосо да,түпкү мааниси, маңызы бирдей, азыркы болуп аткан жашоо агымына үндөш экенине ынандым. Мен батирде театрыбыздын жаштары менен чогуу турам. Карантинде алар да жумушсуз. Бизге репетиция, идеяларга убакыт аябай кенен болуп атат. Алдыдагы жакшы күндөргө даяр болуп туралы деп даярданып жаткан кезибиз. Балдар китеп окуп, кенен чыгармачылык, реквизит, формалар менен алек болуп атышат. Түз эфирге социалдык тармактар аркылуу чыгып спектакль, флешмоб тартып,чыгармачылык менен иштегенге кеңири убакыт болууда. Андыктан, көңүлдү чөктүрбөй, негативге көңүл бөлбөй, өзүбүздү этияттап, үйдө олтуруп зыян кылбай, жок дегенде үйдө бололу.

Жалпы адамдар кайрымдуулукка, мээримдүүлүккө, сабырдуулукка үйрөнүп жатабыз. Ата-эне, бала-чака, дос-жар, эл-журттун кадырын билип калдык. Ар бир мүнөт, ар бир сааттын, ар бир күндүн кадырын билип калдык. Өзгөчө дарыгер, мугалим, милиция кызматкерлеринин кадыры артып, биздин жашоодо орду канчалык экени айкын болду.

Динара Жумабаева, ЖОЖ окутуучусу:

-Карантин эң биринчи кезекте өлкөдөгү экономиканын, медицинанын абалын ачык көрсөтүп койду. Мамлекеттик кызматкерлердин баары эле жегич болуп чыгып, азыр болсо кайыр сураган өлкөгө айланыптырбыз. Медицинага көңүл бурулбай, ооруканалардын абалы союз учурунан бери эч жаңыланган эмес. Медкызматкерлерге, оорулууларга шарттын жоктугу, медициналык аппараттардын жетишпестигин баарыбыз көрдүк. Мамлекет ичиндеги башкаруу механизми жетишээрлик деңгээлде эмес экендигин көрүп зээниң кейийт. Чоң эле көп экен, эл башына күн түшкөндө белгилүү гана сандагы инсандар жардамга келип, калганы суурдай ийинде жатат. Билим берүү министри күчтүү менеджерлигин көрсөтүп, баарын ордуна коюп иштеп жатат. Биз эми келечекте өлкөнүн өнүгүү багытын өзгөртпөсөк болбойт тура деген сабак алдым. Көрсө биздин өлкө жок болууга кетип жатыптыр, кургуйга түшүп бара жатыптырбыз. Карантин ушундай өкүнүчтүү нерселердин бетин ачты. Карантин адамдагы баалуулуктарды өзгөрттү: үй- бүлөнү баалоону эске салды, жаратылышка мамиле өзгөрдү, аз нерсеге нысап кылып жашаса болорун үйрөттү, тартипке салды.

Сейдалы Мырзакматов, блогер:

-Коронавирус бул адамдарды сыноо, табияттын өчү, экология жакшырып калды, бул күндөр да өтөт, жеңебиз, ач көздүккө каргыш, адамдар бири — бирине камкордук көрүп жатат, меценаттарга рахмат, дарыгерлер, милициялар алдыңкы катарда, бул оору дүйнөнү өзгөртөт. Мына бүгүн ушул сөздөр баарыбыздын кулагыбызда. Баары туура. Ким эмне деп каршы сөз айта алат.
Бирок бул сыноо, биринчи кезекте жалпы эл үчүн эмес, кылымдар бою, эл эсебинен жашап, алар үчүн кызмат кылып, эл болбосо жашай албай турган кызматтар үчүн сыноо. Ар кайсы өлкөдө алар канчалык даражада өз кызматтарына даяр экенин көрүп жатабыз. Дээрлик бардык өлкөлөрдө, бул атайын кызматтар элди унутуп калышкан экен. Элди эмес, өздөрүн араң коргоп калган учурлар да бар экен.
Адамзат чынында өзгөрөт бул пандемиядан кийин. Аман калгандар, жек көрүү, ызалануу менен кабыл алышат бул ооруга даярдык жок экенин. Жаңы медицина, жаңы талаптар, жаңы дарылар керектелет келечекте. Ошону менен бирге эле, эски административдик система да жоголушу мүмкүн. Чын эле заман өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, такыр башка өңүттө. Жалпы адамзат, акыр аягында өздөрү өмүр бою багып келген кээ бир адамзат катмарларын четке сүрүп, жаңы, башкача системаны алып келиши мүмкүн. Ушуну да эске алып койсок.