Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты Жеңиш Жоробековдун кайрылуусу:

Урматтуу мекендештер, урматтуу Жалал-Абад областынын тургундары жана коноктору!

Биздин негизги максат дүйнө жүзүндө тарап жаткан илдеттин алдын алуу, жугузуп алууларды болтурбоо жана жарандардын саламаттыгын, коопсуздугун сактоо болуп эсептелет.

Суранарым биз тараптан көрүлгөн чараларга жана чектөөлөргө түшүнүү менен кабыл алып, укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип үйдөн негизгиз көчөгө чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактап өзүңүздөрдүн ден соолугунуздарга кам көрүүгө чакырамын.

Тартип, тазалык бар жерде – ийгилик жана саламаттык бар!

Маалымат үчүн:

Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак раойонунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. 2020-жылдын 12-апрелден 13-апрелге караган бир сутка ичинде областын аймагында баары болуп – 15 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 4 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы — 1174 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде Жалал-Абад шаарында — 10, Сузак районунун аймагынан – 5 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 72 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 73 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы