Өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын аткарып, жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу максатында Чүй районунун ИИБдүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ыктыярдуу элдик кошуундар менен бир катар алдын алуу иштерин улантышууда. Бүгүнкү күнү көчөдө милиция кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундар тарабынан түзүлгөн жөө кайгуулдар жарандар арасында түшүндүрүү иштерин улантышып, коомдук жайларда жүргөндө бет каптарды тагынып, антисептикалык каражаттарды колдонуу зарылдыгын жеткиришүүдө. Андан сырткары милиция кызматкерлери дарыгерлер, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте жумуштарды алып барышууда. Чүй районунун ИИБдүн өздүк курамына дарыгерлер тарабынан жугуштуу оорудан коргонуунун эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өздөрүнүн коопсуздуктары үчүн күн сайын нускамалар өткөрүлүүдө.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы