Билим берүү жана илим министрлиги дистанциялык окууга көмөк көрсөткөн баардык өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирди.

Учурда өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу окуучулар аралыктан окуп жатат.

Бул үчүн өлкөдөгү теле каналдардын жана мобилдик операторунун, ЖОЖдордун көмөгү астында билим берүү программалары үзгүлтүксүз, жетиштүү деңгээлде окуучуларды камсыз кылууда.

Министрлик бул процессти ишке киргизүү үчүн негизги өнөктөш катары жардам берген эл аралык ЮНИСЕФ уюмуна жана «Сорос — Кыргызстан» жана «Ага-Хан» фондуна министрлик менен кызматташкан үчүн терең ыраазычылык билдирди.