Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында үч санитардык карантиндик көзөмөл постторуна видео камералар орнотулду. Буга чейин Лейлек районунда орнотулган болчу. Бул иш аракет коопсуздук, тартип жана ачык айкындуулук үчүн жасалууда. Бул тууралуу

өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек Баткен облусунда 4 негизги, 23 ички санитардык карантиндик посттор уюштурулган.