Рамазан айы качан баштала турганы ушул аптада аалымдар кеңеши онлайн жыйын кургандан кийин белгилүү болот.

Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, аалымдар кеңеши жыйында орозо айынын так датасын аныктоо менен бирге учурдагы кырдаалга жараша битир-садаганын көлөмү, чогултуунун жол-жоболору тууралуу маселени да карашат.

Рамазан айынын так датасы айдын жаңырганына карата да белгилүү болот.