Коом
Республиканын аймагында 9 лаборатория иштеп, күнүнө 1400гө чейин анализди чыгарууга жетишип жатат
Өлкөдө таажывирус илдети катталган күндөн тарта алынган анализдердин бардыгынын жыйынтыгы чыгып, анын 419унан вирус аныкталды. Республиканын аймагында 9 лаборатория иштеп алар күнүнө 1400гө чейин анализди чыгарууга жетишип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде өкмөттүк брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
«Башында анализ жүргүзүү үчүн реагенттер жетишсиз болгон. Бүгүн бардык маселелер чечилди. Азыр реагенттер, тесттер жетиштүү. 8 миңге жакын тесттер даяр. Учурда дарыгерлер, тиешелүү адистер иштеп жатышат ”,- деди Боронов.
5-февралдан 13-апрелге чейин анализдердин жалпы саны 24 885 түзүп, бардык натыйжалар алынды, алардын ичинен 419 таажывирус илдети тастыкталды.
Булак: «KyrgyzToday»