Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бүгүн, 13-апрелде коронавирус боюнча өлкөдөгү жалпы абал боюнча маалымат берип жатып, дарыгерлерден кечирим сурады.

Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Боронов буга чейин айткан билдирүүсү көпчүлүктүн көңүлүн бурган негизги тема болгонун айтып, аны айтуунун максаты – ооруп калган медицина кызматкерин ашкерелөө керек эместиги менен түшүндүрдү. Ошондой эле ал ушул сыяктуу маселелерге аралашпай, өз ишин так аткаруусу үчүн айтылган ой экенин билдирди.

Мен расмий түрдө жалпы медицина кызматкерлеринен кечирим сурайм. Медицина кызматкерин ар дайым колдоп, жардам көрсөтүүгө даярбыз. Штабдын жетекчиси катары алардын ишин өз көзүм менен көрүп жатам”,-деди Боронов.

Белгилей кетсек, буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош шаардык балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын дарыгери умрага барып келген кошунасынын үйүнө ажы тойго барып жуктуруп алган деген маалымат тараткан.

Көп өтпөй дарыгерлер анын сөзүн төгүнгө чыгарып, обсервацияда жаткандарды текшерүү учурунда жуктурганын айтып чыгышкан.