Дүйнөдө COVID-19 такыр жетпеген өлкөлөр аз санда калды. Бул тууралуу Al Jazeera агенттиги Жонс Хопкинс (АКШ) университетинин маалыматына таянып жазып чыккан. 13-апрелге карата Бириккен улуттар уюмуна мүчө болгон 193 мамлекеттин 13үнөн коронавирус илдети катталбаганын расмий түрдө билдиришкен.

Төмөндөгү өлкөлөрдө илдет аныкталган эмес:

— Вануату;

— Кирибати;

— Түндүк корея;

— Комор аралдары;

— Лесото;

— Маршаллов аралдары;

— Микронезия;

— Науру;

— Палау;

— Самоа;

— Сан-Томе и Принсипи;

— Соломоновы острова;

— Тажикстан;

— Тонга;

— Түркмөнстан;

— Тувалу;

— Түштүк Судан.

Эксперттердин айтымында, жогорудагы мамлекеттерде жана аралдарда илдет катталбаганына себеп алардын географиялык жайгашуусу болушу ыктымал.

Эске сала кетсек, Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, дүйнө жүзү боюнча коронавирустан 1 ,85 миллион адам жабыркап жатат. Анын ичинде 435 миң киши сакайып кеткен. Каза болгондордун саны 114 331ди түздү.

Илдет эң кэп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат (557 590), Испания экинчи(166 800), Италия үчүнчү орунду (156 363) ээледи.

Булак: NazarNews.kg