АКШда Нью-Йорктогу атактуу куруучу жана Республикалык партиянын колдоочусу, Стэнли Чера коронавирустун кесепетинен көз жумду. Бул тууралуу CNN маркумдун жакындарына шилтеме берип, билдирди.

Чера 78 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.  Ал ооруканга 24-мартта түшкөн.

CNN билдиргендей, Чера АКШнын президенти Дональд Трамптын досу болчу жана 2016-жылдан 2019-жылга чейин ал Трамптын шайлоо өнөктүгүнө катышкан уюмдарга 402,800 доллар которгон.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-апрелде АКШ дүйнө жүзүндө  коронавирустан каза болгондордун саны боюнча биринчи орунга чыккан. Өлкөдө 22 миңден ашуун адам каза болуп, 557 миңден ашуун адам илдетке чалдыккан.

Булак: NazarNews.kg