Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты  Таабалды Тиллаев NazarNews маалымат агенттигине «айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндөгү сунушу» тууралуу пикирин билдирди.

—Кайсы аймакта оору күчөп турса, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартууну ошол жерлерге калтырышыбыз керек. Бирок, кайра иштетүүчү ишканаларга жана элдерге иштегенге бардык мүмкүнчүлүк беришибиз керек, — деди Таабылды Тиллаев.

Эске сала кетсек, бүгүн, 13-апрель күнү Республикалык штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, оорунун күн санап өсүшүнөн улам дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдарды эске алуу менен, медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунушун билдирген.

Булак: NazarNews.kg