Британиялык математик жана «Жашоо» аттуу оюндун негиздөөчүсү Жон Хортон Конвей 82 жаш курагында коронавирустан улам көз жумду.

Бул тууралуу анын кесиптеши Сем Вон өзүнүн твиттер баракчасына жарыялаган. Анын айтуусуна караганда өлүм ойдо жок жерден болгон.  

Хортон 1937-жылы 26-апрелде туулган. Кембридж университетин аяктагандан кийин 1986-жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин АКШнын Принстон университетинде иштеген. Ал «Жашоо» аттуу оюндун түзүүчүсү катары белгилүү. Мындан сырткары ал Конвей тобунун топтук теориясын ачып, башка авторлор менен бирге оюндун комбинатордук теориясына негиз салуу менен сюрреалдык сандарды ачкан.