Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов  облустук ооруканада эмгектенген 41 кенже тейлөөчү кызматкерине материалдык жардам катары резервдик фондунан 123 миң сом которуп берди.  Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл, коронавирус илдети менен күрөшүүдө эмгек маянасынын аздыгына карабай,күчөтүлгөн тартипте эмгектенип жаткан кенже тейлөөчү кызматкерлердин ар бирине ыраазычылык катын жиберди.