Президент Сооронбай Жээнбеков 13-апрель күнү Кубатбек Бороновду кабыл алып, анда өлкөдөгү абал тууралуу сөз болгон.

Өз кезегинде Боронов өлкөдө карантинди узартуу сунушун киргизген. Биздин Kadam-media.kg маалымат порталы фейсбук социалдык баракчабыз аркылуу эл арасында «Өкмөттүн коменданттык мөөнөтүн узартуу тууралуу сунушун колдойт белеңиз?» деген сурамжылоо жүргүздүк.

Натыйжада, сурамжылоого 3 сааттын ичинде 500гө жакын жаран катышып, алардын 450дон көбурөөгу коопсуздук үчүн, үйдө отуруп турууну колдогон пикирлерин калтырышкан.

Бул сурамжылоодон биздин жарандар өлкөдөгү эпидемиологиялык шартты туура түшүнүү менен кабыл алып, өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн өзгөчө абалдар режиминин узарышына макул экени белгилүү болду.

Айрым окурмандар көчөдө, айрыкча айыл жеринде ичип жүргөн жарандар көп экенин айттып, айыл өкмөтүн, аксакалдар кеңешин тартип орнотууга чакыргандар да болду.