Күн мурун республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбековго Кыргызстанда өзгөчө абал режимин узартуу сунушун айтты. Дээрлик 20 күндөн бери карантинде күн кечирип жаткан Кыргызстан эли бул сунушту кандай кабыл алды? Дегеле өзгөчө абал режиминен утаарыбыз жана уттураарыбыз эмнеде? kadam-media.kg/ маалымат порталы ушул багытта талдоочу, окумуштуу коомдук жана саясий ишмерлердин оюн укту.

 Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу:

— Өтө татаал маселе жана суроо. Себеби: эч ким айталбайт, эртең же бүрсүгүнү канча киши ооруга чалдыгат, алар эмне кишилер? Вирус бүгүн канча кишиде бар экенин да эч ким билбейт. Бизде эле эмес, дүйнөнүн бир да мамлекети билбейт! Эртең вирус кандай өзгөрүп, кандай кубулушу мүмкүн, аны да эч ким билбейт…
Ошол үчүн мындай жабык, түшүнүксүз шартта туура чечим кабыл алыш өтө татаал.
Экинчи жагдай: Өкмөт Өзгөчө абал жөнүндө кандай гана чечим албасын, анын ишке ашуусу, аткарылышы элдин жүрүм турумуна, тартибине, тазалыгына, биримдигине байланыштуу болот. Өкмөт: Өзгөчө Абал бүттү деп койсо эле вирус ага баш ийип калбайт да. «Бүткөн жок, абал дагы деле узарат» десе деле вирус күчөп кетеби жокпу, эч ким билбейт.
Ошол үчүн өтө парадоксалдуу тыянак: Өзгөчө абал жөнүндө Өкмөт кандай чечим кабыл алса да, ал чечимди колдошубуз керек! Баары бир гигиенаны сактап, этият болуп туруубуз абзел.

Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы-окумуштуу:

— Карантинди токтоткондо да баскыч менен жүзөгө ашыруу керек. Мурдагыдай коомдук унаага жык-жыйма салууга болбойт. Беткапты узагыраак тагынуу абзел. Мектептерде самындуу суу менен кол жууган, сепкич менен колду дезинфекция кылган шарттар түзүлүшү абзел. Жамы мечиттер жабык бойдон кала турушу керек. Той-торопого 30-40 кишиден көр чогулбоо керек. Сөөк коюуга деле өтө жакындар катышсын. Айрым шаар, кыштактар узагыраак карантинде калышы ыктымал.

Бейшенбек Абдразаков, коомдук жана саясий ишмер:

-Дагы көп адамдар текшериле элек экендигин эске алып жылдыруу керек. Дуйнөлүк тажрыйбаны да анализдейли: Кытайда 3 ай, Россия да 3 ай деп катуу даярданып 16 оорукана салып жатат, тоонун башына чыга элекпиз деп расмийлер сүйлөп жатат. Ошондуктан бизде да май айынын аягына чейин барат окшойт, көп адамдар текшериле элек, стационарда жаткан бейтаптар көп болууда. Ага улай атйын медициналык коргоочу кийимдер, каражаттар, дары-дармек жетишсиз. Дүйнөлүк окумуштуулар вакцина табылган чакта да 1,5 жылдан кийин чыгат деп жатат.

Авланбек Жумабаев, медиа серепчи:

— Бир жагынан бийлик киргизген өзгөчө кырдаал болбосо, азыр пандемия элди мындан да кенен каптап кетмек. Албетте бул чаранын экинчи жагы да бар. Эки жума өтпөй, күнүмдүк оокат өткөрүп жаткан жарандар чоң кыйынчылыкты башынан кечип жатышат. Ишкерлердин да иши төмөндөп, абалы күндөн күнгө начарлоодо. Алгачкы күндөрү өкмөттүн биринчи кадамдары формалдуу болгону ачыкка чыгып калып жатат. Областтар ортосундагы (өзгөчө түштүк аймакка) адамдардын кенен катташы, өткөрмө кагаздарынын сатылышы. Медицина кызматкерлери биринчилерден болуп сокууну кабыл алып жатышат. Ошол эле учурда атайын жабдуулардын жок болгону догдурлардын арасынан ооруга чалдыккандардын саны айтып турат.

Өзгөчө абалды токтотуп элдин баарын эшикке чыгарып жерүү – бул коом үчүн учурдагы чоң коркунуч деп эсептейм. Убагында киргизилген өзгөчө абал жагдайдын күчөп кетишине жол берген жок. Күндөн күнгө ооруну жугузгандардын саны өсүп жатат.

Элнура Кулуева, журналист:

-Абал кыйын, оорунун кесепети терең кетип калды. Азыр кармап туруу керек, болбосо жаман. Ички жуктуруп алуу көбөйдү. Жети миң адам байланышта болгон деп жатышат. Кытай бери дегенде 25 ай бул оору менен араң күрөштү. Абал курчуп бара жатат. Ач калсак да элди аман алып калуу керек.

Алмамбет Шыкмаматов, ЖКнын мурдагы депутаты:

-Бул жерде эки жагдайды баса белгилеп айткым келет. Баарыбызга караганда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго азыркы кырдаал даана көрүнүп турат. Окумуштуу, медицина кызматкерлеринин оорунун динамикасы боюнча айткандарын расмий жетекчилер жакшы билишет. Экономика кубаттуу болгон дөө-шаа өлкөлөр бул ооруну ооздуктай албай жатышат. Албетте бизде кыйынчылык болбой койбойт. Эң ириде калктын аз камсыз болгон катмары, мигранттар, насыя алган ишкерлер, дыйкан-фермерлер кыйналат. Бирок, ушул кыйынчылыктарды жеңели деп ооруга көз жуумп койсок, кудай бетин ары кылсын пандемия каптап кетсе, алапайыбызды таппай калабыз. Биз ынтымактуу, сабырдуу болсок, бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгабыз.

Замир Айылчиев, жарандык активист:

— Эгер өлкөдөгү ӨК режимине узартуу кирсе албетте, бул жарандарды жарга гана такабастан, социалдык, экономикалык жактан кыйналып жаткан жарандарды түйшөлтөөрү ачуу чындык. Азыр бул маселени оң жагына чечүү өкмөттүн колунда. Өкмөт ириде медициналык кызматкерлердин, ИИМ өкүлдөрүнүн айлыгын көтөрүү менен жакыр жашаган үй бүлөлөргө жардам көрсөтүүсү керек. Кыргызстанда албетте экономикалык таңсысдык түйшөлтөт. Биз финансылык жактан бардык жарандарды толук кандуу каржы менен камсыз кыла албайбыз. Ошондуктан Түштүк Кореянын мисалында, мамлекеттик жана жеке чоң ишканалардын акырындан иштеп баштоосуна кааласак да, каалабасак дагы өкмөт уруксатын бериши керек. Антпесе бул кетиште эртең чоң ызы чуу чыгышы дагы мүмкүн.

Алтынай Темирова, акын:

-Шаардыктарга коопсуздук үчүн өтө керек. Бирок айылдарда айыл-чарбасын көп чогулбай өз-өзүнчө жүргүзө берсе болот.