Кемин районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тез жардам унаасына ээ болду. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Япония элчилиги тарабынан тартуулаган бул белек учурда өтө керек болуп жаткан. Тез жардам унаасы Боом капчыгайындагы медпункта туруп, эл ден соолугунун камы үчүн кызмат кылат.

Азыркы кырдаалга жараша убактылуу райондогу чакырыктарга кызмат кылууда. Кемин райондук мамлекеттик администрациясы Кыргызстандагы Япония элчилигине, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине терең ыраазычылык билдирет!