Өлкөдөгү өзгөчө абалга байланыштуу учурда Бишкек шаарында коменданттык саат киргизилген. Шаар тургундары зарыл болгон учурда гана үйдөн чыгууда. Жарандардын айтымында банктардын астында пандемияга карабай кезек күткөндөр өтө көп болууда.

Ошондуктан банк кызматкерлеринин түшкү тыныгууга чыкпай иштөөсүн талап кылууда.

Эске салсак,  буга чейин Бишкек комендантты жаңы конуштарда көчмө банктар иштеп баштаганын билдирген. Ана карабай шаар тургундары жамгырда, коомдук транспорт жок мезгилде банктардын ишине нараазычылыгын социалдык тармактарда айтып чыгышты.