Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 46 жаран жеткирилип, 9 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча — 40,

Жалал-Абад шаары боюнча – 6.

Ал эми, Ош шаары, Сузак, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2518 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы