Акыркы суткада Кытайда дагы 89 адам коронавирус инфекциясын жуктурду. Муну менен өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны 82,2 миң адамга жетти.

Ал эми Америкада акыркы суткада 214, Бразилияда 293, Түштүк Кореяда 27, Японияда 27 учур тастыкталды. Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 1,9 млн адамга жетип, 119 миң бейтап көз жумду.

2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус дарты менен учурда бүткүл дүйнө күрөшүп жатат.