U.S. President Donald Trump and Russia's President Vladimir Putin react as they shake hands during their meeting in Helsinki, Finland July 16, 2018. REUTERS/Kevin Lamarque - RC1CBB5FFA50

Россия жана АКШ Президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп өздөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө стратегиялык-чабуулчул куралдар (СЧК) тууралуу сөз козгошкон эмес. Бул тууралуу журналисттерге россиялык лидердин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген.

Белгилей кетсек Путин менен Трамптын сүйлөшүүсү жекшемби күнү болгон.

 СЧК-3 Россия менен АКШ ортосундагы куралданууну кыскартуу тууралуу келишим бүгүнкү күнгө карата күчүн жогото элек жападан жалгыз келишим болуп саналат. Келишимге ылайык тараптардын ар бири өзүнүн арсеналын кыскартат. Ошентип, жети жылдын ичинде жана келечекте континенттер аралык баллистикалык ракеталардын, суу алдындагы кемелер алып жүрүүчү баллистикалык ракеталардын жана оор, бомба таштоочу техникалардын саны 700дөн, ошондой эле 1500 согуштук дүрмөттөн жана 800 жайпай атар түзүлүштөрдөн ашпоого тийиш.