АКШ Мамлекеттик катчысы Майк Помпео BiIdаттуу немис басылмасына берген маегинде келечекте коронавирус пандемиясынын келип чыгуусуна күнөөкөрлөрдү табуу керектиги тууралуу билдирип, өз кезегинде Кытай мамлекети оору тууралуу маалыматтарды өз учурунда бербегендигин белгилеп өткөн.

«Кытай шаары Уханьда башталган бул вирус, бул эпидемия бизге белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин гана жеткендиги өкүндүрөт. Кытай Өкмөтү, Кытай Коммунисттик партиясы бул маалыматты өз убагында берген эмес” — деди Помпео.

Уханьда башталган оорунун кесепетинен улам дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр тарткан чыгашалар үчүн Кытай жооп береби? — деген суроого Помпео күнөөлүүлөр тууралуу алдыда “дебаттар” боло тургандыгын белгилеп келип, — Бизге глобалдык дебаттар керек. Себеби, вирус кантип жана кайдан башталгандыгын тактоо зарыл. Албетте, күнөөлүүлөр табылаарына жана сөзсүз жоопкерчиликке тартылаарына ишенем. Азыр болсо, алгач америкалык, андан соң дүйнөлүк экономиканы жандандыруунун үстүндө иш алып баруубуз зарыл — деген.

Белгилей кетсек, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму 11-мартта COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын жайылышын пандемия деп жарыяланган. БССУ жарыялаган  акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзү боюнча аталган ооруну жуктуруп алгандардын саны – 1,7 миллиондон ашса, 111 миң адам каза болгон.