Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана облустук билим берүү институттарынын жетекчилери менен онлайн жыйын куруп, берилген үй тапшырмалардын көлөмү чоң, ага ажыратылган убакыт аз болуп жаткандыгы боюнча суроолор бар экенин белгиледи.

Министр Кыргызстанда биринчи жолу башталган дистанттык билим берүүнүн ийгилик жана кемчиликтерине токтолду.

Жалпы алганда аралыктан билим берүү ийгиликтүү башталды. Бирок окуучулар менен кайтарым байланышты уюштурууда мобилдик интернеттин ылдамдыгы начар аймактар, айрым мугалимдердин маалымат-коммуникациялык компетенттүүлүгүнүн аздыгы жана телевизору жок үй-бүлөлөр боюнча көйгөйлөр жаралды.

Исаков учурда мобилдик операторлору менен интернет байланышы начар аймактарда интернет сапатын жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн кабарлап, телевизору жок үй-бүлөлөрдүн маселелелери жергиликтүү бийликтин, демөөрчүлөрдүн жардамы менен чечилип жатканын кошумчалады.

“Биринчи жолу аралыктан билим берүү уюштурулуп жатканына карабай, мугалимдерибиздин дарамети жакшы. Аны менен бирге телевизор, телефону жок үй-бүлөлөргө жардам колун сунган жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем”,-деди министр.

Кыргызстанда 8-апрелде тарта аралыктан окутуу жараяны башталган.