Окубасам деле оюмду айтып коеунчу дегендей, бүгүнкү темам:
Сөгүнчөөк кызга карата менин жеке оюм.
Башында кечирим сурап коеюн, бул оюмду окугандарга нерв чыңалуусун же кыжырданууну пайда кылсам кечирип коюңуздар.

Эртең менен турсам эле ФБда «Бул коомдун кузгусу, башка маселеде мынча үрпөңдөбөйсүңөр, бул азыркы кыйын турмуштун туундусу» деген бир топ менен «Кечирим суратыш керек! Мы оскорблены! Мен сасык эмесмин! УКМК каякты карап отурат» деген экинчи топтун сөзмө былчылдашы жүрүп атыптыр.

Балким, эки тараптын тен билгени бардыр. Бирок, менин билгеним, бул биздин коомдун оорулуу экенинен кабар!.. Биз эчак ооруп, онтоп аткан коомдо жашап атабыз.

Бул кыз бетке чыккан безетки эле. Бир безетки. Мындан коркунучтуу , мындан жан кыйнаган дартыбыз толтура. Ал безеткини баса калып сыгып салса болот, жалпы организмди айыктыруу керек болуп жатпайбы?
Биз баарыбыз тазаланып, «айыгышыбыз» керек болуп жатпайбы?!!

Ал үчүн эң ириде ар ким өзүн, өзүнүн мээсин, жан дүйнөсүн, аң сезимин ирээттеп, чаңын сүртүп, желесин алып, тазалаш керек. Сөзүн оңдош керек.